Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы көмүрдүн баасы эмнеге кымбаттаганын тактап жатат

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 301 | 0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка жетекчилер калаанын күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Ал көмүрдүн баасы 4800 сомго чейин көтөрүлүп кеткенин жана мунун себеби такталып жатканын айтты.

«Көмүрдүн баасы 4 миң 800 сомго чейин көтөрүлүптүр, биз Антимонополия агенттигине кайрылып, баалардын эмнеге көтөрүлгөнүн тактап жатабыз. Эгер баа негизсиз көтөрүлгөн болсо, анда чара көрүлөт», — деди мэр.

Бишкекте 2020-жылы жылуулук 9-октябрда берилсе, быйыл 5-октябрда берилди. Ушул тапта 50 оорукана, 71 бала бакча, 65 мектеп жана 1903 турак үй жылуулукка кошулду. Маалыматтар саат сайын өзгөрүп турат.

Борбор калаада көмүр саткан алты отун базасы жана 10 стационардык пункт бар.

Бишкектеги көмүр сатылуучу пункттардын даректери

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM