Биз менен байланышыңыз

«Арзанына карап, көбү үйүн көмүр менен жылытууга качат»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Окт 2021 | 660 | 0

Кыргызстанда күндүн энергиясы менен суу ысытып, же үйдү жылытып башташты. Бул тууралуу Kazeco компаниясынын башкы директору Кубанычбек Алимов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жылуулукту көмүр, газ, электр энергиясы, күндүн энергиясы, шамалдын энергиясы аркылуу алса болот. Кыргызстанда күндүн энергиясы менен же сууну ысытат, же үйдү жылытат. Бирок бизде жылуулук алуу үчүн көмүр колдонгондор көп.

«Себеби эң арзаны — көмүр. Ошонун себебинен да Бишкек — Ышкек болуп жатат. Көмүр, көмүрдөн кийин газ болуп жатат, анан электр энергиясы. Күндүн энергиясын колдонсо болот, бирок анын өзүн- өзү актоосу 5 жылдан 6 жылга чейин болот. Жылуулук насостору деп коюп жатабыз, анын өзүн-өзү актоосу 7-10 жыл.  Биздин кээ бир жарандар арзандыгына качып, арзан жабдууларды коюп алышат, алар 2-3 жылга эле жетип калат», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM