Биз менен байланышыңыз

Кубанычбек Алимов: Быйылкы кыштан коркуунун кажети жок

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Окт 2021 | 431 | 0

Жарандарга алдыдагы кыш мезгилинен коркуунун кереги жок деп ойлойм. Кыш былтыр кандай болсо, быйыл деле ошондой болот. Мындай пикирин Kazeco компаниясынын башкы директору Кубанычбек Алимов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ГЭСте суунун деңгээлинин азайышы, пандемиядан кийинки абал, кымбатчылык — бул кырдаалдарды алып караганда, быйылкы кыш оор болчудай. Бирок эл дагы, мамлекет дагы бош отурган жок.

«Менин оюмча, ЖЭБ болсун, биздин жарандар болсун, өздөрүнүн камын көрдү деп ойлойм. Мамлекет деле камын көрүп жатат, Түркмөнстан менен келишим түзүп келишти. Тажикстандан, Казакстандан алып жатышат. Анчалык деле коркууга себеп жок деп ойлойм. Себеби, былтыр деле ушундай болгон, быйыл деле ошондой болот. «Быйыл электр энергиясын өчүрүү болбойт, баары жакшы болот» деп айтып жатышпайбы. Азыр «Газпром», «Бишкекгаз» газдын түтүктөрүн тартты. Биз, Kazeco компаниясы,  «Газпром», «Бишкекгаз» «Доскредобанк» менен биригип,  акция уюштуруп жатабыз. Газ казаны, газды кошууну банктан 18 айга мөөнөтүн бөлүп төлөөгө берип жатабыз. Ошол себептен элибиз деле кышка даяр болушу керек деп ойлойм”, — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM