Биз менен байланышыңыз

Дүйнө биринчилиги: Мээрим Жуманазарова жарым финалга өттү

Кыска кабар , Спорт | 6 Окт 2021 | 481 | 0

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Жуманазарова 68 кг салмакта чейрек финалда канадалык Оливия ди Бакко менен беттешип, 7:1 эсебинде атаандашын жеңип, жарым финалга өттү.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:45те башталат.

Мээрим Жуманазарова мелдештин тандоо турунан баштап катышууда. Ал алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, анын далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздаган.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат.  Анда кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова алтын, эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло медаль утуп алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM