Биз менен байланышыңыз

Дүйнө биринчилиги: Мээрим Жуманазарова чейрек финалда

Кыска кабар , Спорт | 6 Окт 2021 | 850 | 0

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтына жарыяланды.

Жуманазарова 68 кг салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышууда. Алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, анын далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишке жетти. Эсеп 8:0 болду.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат.  Анда кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова алтын, эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло медаль утуп алышты.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан барган.

Айсулуу: Өзүм үчүн да, өлкөм үчүн да тарыхты жаңыладым (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM