Биз менен байланышыңыз

Түркиялык дарыгерлер Бишкекте операция жасап баштайт

Кыска кабар | 6 Окт 2021 | 880 | 0

Түркиялык белгилүү дагыер Эркан Каптаноглу Кыргызстанга келип, бейтаптарды акысыз кабыл алды. Кыргызстандагы “Веданта” ооруканасынын чакыруусу менен келген топто 2 нейрохирург, ортопед-травматолог, альгологдор бар, ар бири 30-40тан бейтап кабыл алып, акысыз кеңеш беришти.

Каптаноглунун келиши менен Түркияда жасалып келген ортопедиялык, нейрохирургиялык операциялар эми Крыгызстандан жасалып башташы күтүлүүдө. Бул боюнча Каптаноглу “Веданта” ооруканасы менен сүйлөшүү жүргүздү.

-Түркияда жасалып жургөн операцияларды бул жактан кылууга “Веданта” ооруканасында бардык шарттар бар. Азыр кызматташуу боюнча сүйлөшүп жатабыз. Мындан ары кызматташа турган болсок, кыргызстандыктар Түркияга барып убара болушпайт. Алар үчүн каржы жагынан да кыйла арзан болот,-дейт “Веданта” клиникасынын директорунун орун басары Айбек Чакиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM