Биз менен байланышыңыз

Президент Дүйнө биринчилигинде жеңишке жеткен балбандарды куттуктады

Кыска кабар , Спорт | 6 Окт 2021 | 427 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев жана Алибек Осмоновдун жеңиши менен куттуктады.

Бул тууралуу Жапаровдун фейсбук баракчасына жазылды.

«Айсулуу алтын кызыбыз! Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ишенимдүү жеңишиң менен чын дилимден куттуктайм! Буга улай эле азаматтарыбыз Эрназар Акматалиевдин дүйнө чемпионатында күмүш жана Алибек Осмоновду коло байге алышы менен да куттуктайм! Бул жеңишиңер жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулады. Элибиз сүйүнүп, жетине албай турган чагы!».

Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта экинчи ирет дүйнө чемпиону болду. Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинин финалында ал америкалык Кайла Коллин Кийоко Миракл менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде жеңип алды.

Айсулуу Тыныбекова буга чейин 2019-жылы Нур-Султанда өткөн биринчиликте дүйнө чемпиону болгон. Азырынча Кыргызстандан күрөш боюнча балбандар арасында Тыныбекова гана дүйнө чемпиону боло алган.

Ушул эле биринчиликте эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев 70 кг салмакта финалдык беттеште күмүш байге тагынды. Финалдык беттеште ал польшалык Магомедмурад Гаджиевге 2:1 эсебинде жеңилип калды.

4-октябрда эркин күрөш боюнча балбан Алибек Осмонов 65 кг салмакта коло байге утту. Үчүнчү орун үчүн кармашта ал польшалык Кристоф Биенковски менен күрөшүп, аны 4:1 эсебинде жеңип алды.

Осмоновдун коло байгеси Кыргызстандын Норвегияда өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде алган алгачкы медалы.

Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет дүйнө чемпиону болду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM