Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) экинчи ирет дүйнө чемпиону болду.
Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинин финалында ал америкалык Кайла Коллин Кийоко Миракл менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде жеңип алды.
Айсулуу Тыныбекова буга чейин 2019-жылы Нур-Султанда өткөн биринчиликте дүйнө чемпиону болгон. Азырынча Кыргызстандан күрөш боюнча балбандар арасында Тыныбекова гана дүйнө чемпиону боло алган.
Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө 4-октябрда чыккан. 1/8 финалдагы биринчи беттешинде япониялык Нонока Озакини, андан кийин чейрек финалда Вероника Иванованы жеңип, жарым финалга өткөн. Жарым финалда ал украиналык Илона Прокопевнюкту уткан.