Бүгүн, 2-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түштү. Чүй облусунун жол кайгуул кызматы кабарлагандай, Тоо-Ашууга жана Суусамыр өрөөнүнө да кар жаады.
Буга байланыштуу Жол кайгуул кызматы республиканын түштүк аймактарына жол алган айдоочуларды жолдо этият болууга жана жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга чакырат.
Сүрөт 2-октябрда тартылган. Ош-Бишкек жолу, Төө-Ашуу.