Биз менен байланышыңыз

73 адам бир миллион сомдон төлөп, мүлкүн майзамдаштырды

Экономика | 14 мая 2024 | 1610 | 0

Кыргызстанда 73 адам бир миллион сомдон төлөп, мүлкүн мыйзамдаштырды. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, эгер баасы 100 млн сомдон төмөн болгон мүлк мыйзамдаштырылса, анда эч нерсе төлөнбөйт. Алардын ар биринин мүлкү 100 млн сомдон ашат. Өлкөдө миллиондогон долларлык активдерди мыйзамдаштыруу кандай жүрүп жатат? 

Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков Юстиция министрлигинин маалыматына таянып, мыйзамдаштыруу үчүн 3 миң 716 адам атайын декларация тапшырганын билдирди.

Ошондой эле ал өлкөдө миллиондогон долларлык активдерди мыйзамдаштыруу процесси кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди.

«Эгер баасы 100 миллион сомдон төмөн болгон мүлк мыйзамдаштырылса, анда эч нерсе төлөнбөйт. Ал эми бул чектен ашкан активдер жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда бир миллион сом өлчөмүндө белгиленген төлөмдү төлөш керек болот. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, мыйзамдаштыруу үчүн 3 миң 716 адам атайын декларация тапшырган. Ал эми 73 жаран бир миллион сомдон төлөп атайын декларация тапшырды. Муну менен алар 100 миллион сомдон ашык суммадагы мүлкүн жана кирешесин мыйзамдаштырды».

Өткөн жылы 4-майда активдерди адалдаштырууну жеңилдеткен мыйзам долбоору кабыл алынган. Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи кезекте «көмүскө» экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталган.

Салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабековдун маалыматына караганда, кыймылсыз мүлктү алып-сатуудан пайда түшсө киреше салыгы чегерилиши ыктымал.

Сатып алынган кыймылсыз мүлк белгиленген убакыттын ичинде сатылып, андан пайда түшсө киреше салыгын төлөө зарыл.

Муну менен катар ал кыймылсыз мүлк соңку алты жылда пайда кошулуп сатылса фискалдык орган киреше салыгын жана туум чегерүүгө укуктуу экенин белгиледи.

«2023-жылдын апрелине чейинки Салык кодексинде жарандар кыймылсыз мүлктү сатып алып, андан кийин 2 жылдын ичинде пайда көрүү менен сатса, анда бул айырмадан киреше салыгын (10 пайыз) төлөшү керек деп жазылган. Өткөн жылы Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, мөөнөтү эки жылдан бир жылга кыскарган. Мамлекеттик салык кызматы жарандардын акыркы 6 жылдагы операциялары боюнча салыктык милдеттенмелерин аныктоого жана кошумча эсептөөгө укуктуу (бул доонун эскирүү мөөнөтү). Мамлекеттик салык кызматы жана Кадастр маалымат системалары интеграцияланган. Демек, кыймылсыз мүлкүн сатып жибергендерге салык чегерилиши ыктымал. Бул учурда туум төлөнүп калышы ыктымал. 1-июлга чейин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр менен операцияларды текшерүүгө мораторий киргизилген. Андыктан легалдаштыруу өнөктүгүнөн пайдаланууга жетишип калуу керек».

Кыргызстандын эгемендик тарыхында буга чейин эки жолу: 2008-2009, 2013-2014-жылдары мүлктү легалдаштыруу жараяны өткөрүлгөн. 2013-2014-жылдары 9840 адам декларация тапшырып, өзүнүн мүлкүн легалдаштырган. Анын ичинде 83 декларант 37 млн 350 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөнүүчү төлөм төлөгөн. Бирок аларга карата кылмыш иши козголгон учурлар кездешкен.

Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Исабеков мүлктөрдү мыйзамдаштыруу мөөнөтүн эмне үчүн жылдын аягына чейин узартуу сунушталып жатканын түшүндүрдү.

Ал белгилегендей, легалдаштыруу мыйзамын ишке ашырууга мамлекеттик нотариустар тартылып, алар тиешелүү декларацияларды күбөлөндүрүшү керек.

«Ошол эле учурда мамлекеттик нотариалдык кеңселерде, мисалы, Бишкек шаарында акыркы убакта массалык түрдө атайын декларацияларды тапшыруунун айынан узун кезек күтүүлөр болуп жатат, анткени убакыт азайып баратат. Өлкө боюнча 90 гана мамлекеттик нотариус бар, мисалы, 250 миң адам жашаган борбор калаанын Ленин районунда мындай адис үчөө гана бар. Андыктан Юстиция министрлиги мыйзам долбооруна легалдаштыруу мөөнөтүн узартуу боюнча жобону киргизүүнү сунуштады, ага ылайык атайын декларациялар жеке нотариустар тарабынан да күбөлөндүрүлө алат. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу жана мыйзамдын максаттарын, ошондой эле Кыргызстандын экономикасын мыйзамдуу жолго салууга багытталган чаралардын комплексин эске алуу менен өнөктүктү жылдын аягына чейин узартуу сунушталууда».

Экономика жана коммерция министрлиги 9-июнга чейин пландалган активдерди мыйзамдаштыруу кампаниясын жыл соңуна чейин узартууну сунуштаган.

Жаңы мыйзам добооруна ылайык, 100 млн сомго чейинкиси эч кандай төлөм төлөбөйт. 100 млн сомдон канча ашык болсо да, бир жолку төлөм менен млн сом гана төлөйт. Бул легалдаштырылган сумманы белгисиз кылуу максатында аткарылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM