Биз менен байланышыңыз

Улукбек Жолдошбеков монголиялык балбанга утулду

Кыска кабар , Спорт | 2 Окт 2021 | 639 | 0

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков монголиялык балбан менен күрөшүп, утулуп калды.

Жолдошбеков 61 килограмм салмакта күрөштү, ал беттештин алгачкы бөлүгүндө атаандашын 7:3 эсебинде утуп жаткан. Бирок акыркы секунддарда монголиялык балбан эсепти 7:7ге чыгарып, 4 упай алууга жетишти.

Кыргызстандык балбан жеңилип калды, бирок ал монгол спортчусу финалга чыкса коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттешке катыша алат.

Улукбек Жолдошбеков 2020-жылы 61 килограмм салмакта Азия чемпиону аталган.

3-октябрда Алибек Осмонов (65 килограмм) франциялык балбан менен күрөшөт, Арсалан Будажапов 79 килограмм салмакта орусиялык балбан менен килемге чыгат.

4-октябрда Токио Олимпиадасынын катышуучусу Эрназар Акматалиев (70 килограмм) Шри-Ланкадан келген балбан менен күрөшөт.

Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) барган.

Грек-рим күрөшүнөн Сардарбек Конушбаев (55 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Калы Сулайманов (63 кг), Марлен Асыкеев (67 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайрат Түгөлбаев (77 кг), Калидин Асыкеев (82 кг), Бексултан Махмудов (97 кг) катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM