Биз менен байланышыңыз

Анкарада Жусуп Абдрахмановго эстелик тургузулду

Кыска кабар | 2 Окт 2021 | 619 | 0

Түркиянын Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарых паркында мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылышы болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызтандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирел кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсүнүн эстелигине гүл коюшту.

Түрк тарых паркы 2021-жылдын 29-августунда ачылып, анда түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнүн, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн атактуу өкүлдөрү — Ч.Айтматовдун, Махтумкулинин, А. Кунанбаевдин жана түрк кагандарынын эстеликтери тургузулган. Жалпысынан паркта 206 эстелик бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM