Биз менен байланышыңыз

Жөө күлүк Дарья Маслова карьерасын аяктаганын жарыялады

Кыска кабар , Спорт | 2 Окт 2021 | 499 | 0

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Дарья Маслова карьерасын аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

«Мен кыргыз эли жана күйөрмандарыма спорттук карьерамды жыйынтыктаганымды айткым келди. Мен көпкө ойлондум, абдан оор чечим болду. менин профессионалдык карьерама чекит коюуга убакыт келди!” — деп жазган спортчу.

Дарья Маслова 26 жашта. Ысык-Көл облусунда төрөлгөн.

Ал Олимпиада оюндарынын эки жолку катышуучусу — «Рио -2016» жана «Токио -2020» оюндарына катышты.

2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында алтын жана күмүш медалдарынын, Азия чемпионатынын эки алтын медалынын ээси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM