Биз менен байланышыңыз

Дүйнө биринчилиги. Бүгүн Улукбек Жолдошбеков күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 2 Окт 2021 | 366 | 0

Бүгүн, 2-октябрда күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги башталат. Ага Кыргызстандан 15 спортчу барган.

Чемпионаттын биринчи күнү кыргыз балбандарынын арасынан Улукбек Жолдошбеков күрөшөт. Ал 61 килограмм салмак категориясы боюнча монголиялык Тухинтулга Туменбилег менен күрөшөт.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат. Аны бул шилтеме менен көрсө болот.

3-октябрда Алибек Осмонов (65 килограмм) франциялык балбан менен күрөшөт, Арсалан Будажапов 79 килограмм салмакта орусиялык балбан менен килемге чыгат.

4-октябрда Токио Олимпиадасынын катышуучусу Эрназар Акматалиев (70 килограмм) Шри-Ланкадан келген балбан менен күрөшөт.

Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) барган.

Грек-рим күрөшүнөн Сардарбек Конушбаев (55 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Калы Сулайманов (63 кг), Марлен Асыкеев (67 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайрат Түгөлбаев (77 кг), Калидин Асыкеев (82 кг), Бексултан Махмудов (97 кг) катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM