Бишкек шаарында 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүн утурлай карылар арасында спартакиада өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Жарыштар спорттун үч түрү боюнча 2-4-октябрь күндөрү өтөт:
— 2-октябрда шахмат боюнча мелдеш (саат 10:00, шахмат боюнча спорт мектеби);
— 3-октябрда Ботаникалык бакчада жарыш (саат 09:00, аялдар жана эркектер арасында);
— 4-октябрда стол тенниси боюнча мелдеш (саат 11:00, спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорт мектеби, дареги: Абдрахманов №170).