Биз менен байланышыңыз

Бийлик адвокаттардын аброюн көтөрүүнү убадалады

Саясат | 30 Сен 2021 | 1094 | 0

Кыргызстанда адвокаттар мамлекеттик органдардан көз карандысыз иштеши керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-сентябрда Адвокаттардын II съездинде сөз сүйлөп жатып айтты.

Ал буга чейин аткаруу бийлиги адвокаттык ишмердүүлүккө көңүл бурбай келгенин, азыр бул тармак олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж экенин билдирди.

Бийлик укук коргоо органдары жана сот ишине көбүрөөк маани берип, эл аралык уюмдар тарабынан эскертилип айтылгандан кийин гана адвокаттык иш тууралуу эстеп келген.

2014-жылы «Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, бирок унутта калган. Мыйзамдын 31-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, өкмөткө Адвокатуранын башкаруу органдарын, филиалдарын, адвокаттардын окуу борборлорун кызматтык жайларга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырмасы берилген. Бирок 7 жылдан бери аткаруу бийлиги ага көңүл бурган эмес.

-Ушуга байланыштуу мен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге шаардык кеңеш менен биргеликте Адвокатура 1975-жылдан бери ижарага алып пайдаланып келген Москва көчөсү, № 90 дарегинде жайгашкан имаратты Адвокатуранын менчигине өткөрүп берүүнү тапшырдым.

Мындан тышкары, Адвокатуранын башкаруу органдарын жана региондук адвокатураларды тиешелүү жайларга жайгаштыруу боюнча тапшырма берем.

2021-жылга адвокаттарга эмгек акы төлөө үчүн 74 млн 212 миң сом өлчөмүндө каражат бекитилген. 2018-жылы 18 млн 552 400 сомду түзгөн. Ошону менен катар, жарандарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттардын сый акыларынын өлчөмүн эң аз дегенде 2 эсе көбөйтүү зарыл.

Өлкөдө мыйзамсыздык күч алып, мамлекеттик система толук кандуу иштебей турганда адам укугун коргогон адвокаттардан көп нерсе көз каранды болот. Бүгүнкү съезддин милдети да жактоочулар үчүн маанилүү. Себеби өлкөдө адилеттүүлүктү камсыздоодо адвокаттардын биргелешип иш алып баруусу керек. Жактоочу Нурбек Токтакунов бул пикирди колдойт, ошол эле учурда ортомчу милдетин аткарып калган жактоочуларды сындайт.

-Өлкөдөгү мыйзамсыздыкка каршы туруу үчүн адвокаттардын биримдикте болуусу маанилүү. Тилекке каршы, биздин ишмердүүлүгүбүздө “ортомчуга” айланган жактоочулар да көп. Алар пара алып, берип, адвокаттык кесипке көлөкө түшүрүп жатышат.

Мыйзамдарда да карама-каршылыктар көп. Азыр сот, тергөөчү, укук коргоочу органдары адвокаттарды такыр көзгө илбей калышкан.

Кыргызстандагы жактоочулардын башын бириктирген Адвокатура уюму 2014-жылдан тарта өзүнчө мыйзам менен иштей баштап, көз карандысыз орган макамына ээ болгон. Бүгүнкү күндө адвокатуранын 9 аймактык бөлүмдөрү бар. Дүйнөлүк масштабда 90 мамлекет тааныйт. 2017-жылы адвокаттар коому I курултайын өткөргөн.

Кыргызстандын адвокаттар кеңешинин мүчөсү Сайипжан Мырзакматов сот реформасын ишке ашырууда адвокаттык ишмердүүлүк да толук кандуу жана көз карандысыз иштеши керек деген үмүттө.

-Адвокаттар прокуратура, сот органдары менен чогуу иш алып барышы керек. Ошондо соттук реформа натыйжалуулугун көрсөтөт. Үч структураны дайыма бирге кароо керек. Соттук процесстерде жарандардын укуктарын коргоодо жактоочунун ролу чоң.

Бүгүнкү курултайдын өзгөчөлүгү, президент катышып, биздин көйгөйлөрдү угуп кетти. Буга чейин биздин ишмердүүлүккө мындай көңүл бурулган эмес.

Быйыл 11-апрелде кабыл алынган жаңы Конституциянын 64-беренесинде адвокатуранын статусу бекитилген. Ага ылайык, жактоочулар прокуратура органдары менен тең укукта иштөөнү талап кылышат.

Кыргыз адвокатурасынын Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн жактоочусу Амангелди Молдобаев жабырлануучунун укугун коргоодо адвокаттын көз карандысыз иштөөсү эмнени өзгөртөрүн түшүндүрдү.

-Укугу бузулган жарандар көп болуп жатат. Жабырлануучу кармалган убакта эң биринчи адвокат жардамга келет. Ошол жерде анын укугу бузулбашы керек. Ал үчүн биз прокуратура, тергөө органдарына өтүнүчтөрдү келтирип, жабырлануучунун укугун бузбоого чакырып жатабыз. Себеби азыр прокуратура өкүлдөрү, же тергөө органдары жабырлануучуга басым көрсөтүп, кылмыш жасабаса да уруп-токмоктоп, кылмышты мойнуна алдырып коюп жатат. Ошол себептен адвокаттардын статусун көтөрүп, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. 

Жактоочу мындан 10-15 жыл мурун өз укугун билген жарандардын саны аз болсо, азыр сот процесстеринде адвокатсыз көрсөтмө бербөө керектигин түшүнүп калышканын айтат.

Адвокаттардын II съездине Орусиянын адвокаттарынын Федералдык палатасынын президенти Юрий Пилипенко, Азербайжандын адвокаттар коллегиясынын башчысы Анар Багиров, Белорус адвокаттар коллегиясынын төрагасы Виктор Чайчиц, Өзбекстандын юристтер палатасынын төрагасы Алим Эрназаров, «Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү» Европалык долбоордун директору Стефанос Кареклас, ЮСАИДдин “Укук булагы” долбоорунун директору Фред Хьюстон жана Кыргызстандын Юстиция министри Асель Чынбаева да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM