Биз менен байланышыңыз

Жапаров өз үйүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берди (сүрөт)

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 1939 | 2

Президент Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү мурда Жапаров жашаган Бишкек шаарындагы үйүн кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун балансына өткөрүп берди.

Бул тууралуу президенттин расмий сайты кабарлады.

Президенттин айтымында, бул үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы сатып алышкан. 2010-жылдары башка жакка көчүп кетишип, үй ошол убактан бери бала бакча катары пайдаланылып келген.

Президент Мамлекеттик ипотекалык компания бул турак үйдү аукционго койсо, анда бул акчага жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программасынын алкагында 10 үй-бүлөнү батир менен камсыз кылууга мүмкүн болорун айтты.

«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Жаңы турак жай программасына катышкан жарандар төмөнкү багыттар боюнча ипотекага ээ боло алышат:

— «Жеңилдетилген ипотека» — 4% (мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине);

— «Жеткиликтүү ипотека» 8% (жарандардын башка категориялары үчүн).

2 пикир

2 пикир

  1. Гулнара

    30.09.2021 20:08

    Прездентке терен ыраазычылык билдирем озумдун жана уй буломдун атынан буйруса коп алгылыктуу иштерди Эл учун жасап жатат бул убакка чейин иштеген презденттер мындай озгоруулорду кылган эмес

  2. Гулнара

    30.09.2021 20:14

    Ипотекага берсе алат элем 35 жылдан бери Мугалим болуп иштейм Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирем Эл учун иштеп жатат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM