Кыргызгидромет борбору 30-сентябрдан 4-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экенин билдирет.
Чүй облусунда күтүлгөн аба-ырайы
29-30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
1-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.
2-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
3-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 1-2 октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы
28-30-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
1-2-3-октябрь күндөрү түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал.
3-октябрда күндүз жана 4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 1-октябрда күндүз жана 2-октябрда 14 метрге жетиши күтүлөт.
Талас облусунда күтүлгөн аба-ырайы
28-29-30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
30-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
1-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
2-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
3-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жана 4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 1-2 октябрда күндүз кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Ош облусунда күтүлгөн аба-ырайы
28-30-сентябрда жана 1-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-октябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
2-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
3-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаа жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.
4-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба-ырайы
28-29-30-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт. 30-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
1-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.
2-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
3-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2 октябрларда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Баткен облусунда күтүлгөн аба-ырайы
28-30-сентябрда жаан-чачын болбойт.
1-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.
2-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
3-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 1-2 октябрда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы
28-30-сентябрда жана 1-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
1-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
2-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
3-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.
4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 30-сентябрда күндүз жана 1-2-октябрда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы
28-30-сентябрда жана 1-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
1-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
2-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
3-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-сентябрда күндүз жана 1-2-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.