Биз менен байланышыңыз

Орус мончосу, фин саунасы жана түрк хамамы. Эмнеси менен айырмаланат?

Блог | 27 Сен 2021 | 1976 | 0

Мончо – ден соолукка кам көрүү менен эс алууну айкалыштырган эс алуучу жайлардын бири. Учурда борбор калаада бир канча мончо эс алуу жана ден соолукка кам көрүү үчүн комплекстүү кызматтарын сунуштап келет. Бирок мончого баргандан мурун, анын пайда-зыяны, орус мончосу, фин саунасы жана түрк хамамынын айырмачылыктарын билип алганыңыз туура болот.

Келген кардарларына аталган үч багытта тең кызмат көрсөткөн Green Sity ден соолукту чыңдоо борборунун адистери бизге , орус мончосу, фин саунасы жана түрк хамамынын айырмачылыктарын айтып берди:

Орус мончосу

Cалтуу орус мончосун калк ичинде «парилка» деп да атап жүрүшөт. Негизги өзгөчөлүгү термалдык камеранын ысыктыгы +40 градустан +60 градуска чейин жетет. Абанын нымдуулугу 40%дан 90-100%га чейин жетиши мүмкүн.

Орус мончосунда абанын жогорку табы менен кошо нымдуулук да жогору болгондуктан, адамдын денесинен чыккан тер бууга айланып кетпей, агып турат. Мындан улам, дененин үстү 39-44⁰C чейин ысып, ал эми ички органдардын дене табы 38–39⁰C болот.

Бул учурда организмде суюктук азайып, кан коюла баштайт. Жүрөктүн согушу тездеп, булчуңдар бошоңдойт. Бронхиалдык системага жакшы таасирин берип, зат алмашууну тездетет. Пардан чыгып муздак суу куйганда пульс дароо түшүп, кан тамырлар ичкерет.

Орус мончосу – артрит, ревматизм, остеохондроз сыяктуу ооруларга пайдалуу. Бронхит жана дем алуу органдарына да тийгизген пайдасы зор. Бирок жүрөк-кан тамыр оорусу бар адамдарга сунушталбайт.

«Green City» эркектер залы

«Green City» аялдар залы

Фин саунасы

Фин саунасында абанын температурасы 80–120⁰C чейин жетет. Ал эми абанын нымдуулугу болгону 4–10%ды түзөт. Фин саунасына түшкөн адамдын организминде да орус мончосундагыдай эле өзгөрүүлөр болот. Бирок мында организм көп суюктукту жоготуп, ал 1-2 күн дегенде калыбына келет. Ошондой эле башка кийизден баш кийим сөзсүз кийүү керек. Антпесе чач да кургап кетет.

Мындан улам фин саунасына орус мончосуна караганда тыюу салуулар көп. Жүрөк-кан тамыр оорусу бар адамдарга такыр кирүүгө болбойт. Ал эми шишикти кетирүү, гайморит, бронхитти дарылоо, сасык тумоодон арылуу үчүн фин саунасы пайдалуу болуп эсептелет.

Түрк хамамы

Түрк хамамында абанын температурасы 30–60⁰C чейин жетет. Абанын нымдуулугу да жогору болуп, 100%га чейин жетет. Организмге тийгизген таасири орус мончосуна окшошуп, бирок ага салыштырмалуу жумшагыраак келет. Негизги айырмасы түрк хамамы жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар үчүн да туура келет. Ошондой эле андагы атмосфера организмдин көбүрөөк эс алуусуна шарт түзөт. Тери жана чач да фин саунасындагыдай кургап кетпейт.

Түрк хамамы (Green City эркектер залы)

Green City ден соолукту чыңдоо борборунун адистери мончо менен кошо гарра руфа балыктары менен пилинг процедурасын да сунуштайт:

Гарра руфа балыктары менен пилинг кызматы — бүт дүйнөдөгү SPA салондорго белгилүү. Анда колуңузду, бутуңузду же денеңизди толугу менен балыктары бар аквариумга саласыз. Аквариумдагы атайын майда балыктар кургап, түлөй баштаган тери менен азыктанышып, сизге микромассаж жасашат. Натыйжада сиздин териңиз жылмакай жана жумшак болуп калат. Ошондой эле бул процедуранын нерв системасына да таасири чоң экенин адистер белгилешет.

Green City  — заманбап, ден соолукту чыңдоочу борбор болуп саналат. Анда Европа жана Азиянын мончо маданияттары бир жерде топтолуп,  кардарлар үчүн орус мончосу жана түрк хамамын сунуштайт. Ар бир кардарга халат, сүлгү, бут кийим жана жеке гигиеналык каражаттар берилет. Мындан сырткары массаж (бардык түрлөрү), чачтарач, SPA кызматтарын көрсөтөт. Эс алуучу бөлмөлөрү да болуп, 24 саат иштейт (аялдар залы 09:00 – 22:00). Эркектер залында бассейн, кафе да бар.

Толугураак маалымат алуу үчүн: 0550 89 67 67, дареги: Тунгуч кичи району, Исакеев көч. 2а

Инстаграм: @greencity_spa

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM