Биз менен байланышыңыз

Баткен: Тажикстандыктар кармап кеткен жаран кайтарылды

Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 518 | 0

Бүгүн, 27-сентбярда Тажикстандын күч кызматкерлери кармап кеткен кыргызстандык жаран Уразбек Мирзоев мекенине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Баткен жана Согди облустарынын башчылары сүйлөшүү жүргүзүп, натыйжада Уразбек Мирзоев «Кулунду автожол» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу алып келинген.

26-сентябрь күнү саат 15:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагындагы Жаштык айылынын 1995-жылы туулган туругуну Уразбек Мирзоев Арка айылынан Тажикстандын Жигдали айылына жумуштары менен бара жатканда Тажикстандын күч кызматкерлери тарабынан кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Мирзоев Тажикстандын маршруттук таксисинде Худжанд-Канибадам унаа жолунда жубайы менен бара жаткан. Бул тууралуу анын жубайы Чек ара кызматына кабарлаган.

27 -сентябрда Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустары боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушуп, кыргыз жаранынын кармалышынын мыйзамдуулугу, ошондой эле аны Кыргызстанга кайтаруу боюнча маселени карашты.

Copyright © 2017 Maral FM