«Ата Мекен» саясий партиясына «Туран» партиясы кошулуп, меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу партиянын фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
«Катарыбыз улам кеңейип жатат. Бүгүн блокко оппозициялык «Туран» партиясы бирикти. Буга чейин «Ата Мекен» жана «Реформа» партиялары түзгөн «Эге Мен» демократиялык коалициясына «Туран» партиясы кошулду«, -деп жазылат маалыматта.
«Ата Мекен» саясий партиясы 11-сентябрда «Реформа» менен бириккен.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага катталган партиялардын саны 72ни түзүүдө.
Токур
27.09.2021 17:00
Эски карышкырлар эптеп парламентке отуунун айласын издеп жатышат.
Элдин койгойу эмес шайлоо бизнес акча жасап калуу.
Кандидаттарды патия эмес, ар бир округтан эл озу татыктуу уул кыздарын корсотуу керек. Ошондо элдик депутат. Акча менен баргандар самапал депутат.