Биз менен байланышыңыз

Мөмө-жемиштин өзү пайдалуубу же ширеси?

Блог | 27 Сен 2021 | 1114 | 0

ИноСМИ.ру интернет басылмасы мөмө-жемиштин ширесин ичүү пайдалуубу же өзүн жеген жакшыбы деген темада макала жарыялады. Анда жемиштердин жана ширенин организмге тийгизген таасирлери тууралуу айтылат.

Мөмө–жемиштерди тамактангандан кийин же белгилүү бир убакта жесең салмак кошосуң деген түшүнүккө ишенгендер да бар. Бул жемиштерден баш тартуу же башка азыктар менен алмаштырууга алып келген ката түшүнүк.

Адамдар мөмө –жемиштерде кант көп экенин айтып, ошол себептен аларды керектөөнү азайтуу зарыл деп ойлошот. Бул жөнүндө көп макалалар да бар.

Бирок мөмө –жемиштердин курамында суу көп экенин, адатта ал 85% дан кем эмес экенин баса белгилеп коюу керек. Жемиштер ден соолуктун маанилүү компоненти болгон клетчаткага бай жана бизди көптөгөн витамин, минералдар менен камсыздайт.

Ооба, мөмө -жемиштерде углеводдор (шекер) бар экенин тана албайбыз, бирок тамак -аштагы шекер башкача. Ошондуктан биз канттын түрлөрүн айырмалай билишибиз керек:

Табигый шекер.

Кошулма шекер.

Табигый шекер тамак-ашта да, мөмө –жемиштерде бар. Анын кошулма канттан айырмасы чоң. Мисалы, апельсин жемиштерин апельсин ширесинен айырмаласа болот. Ширеде апельсиндин курамындагы клетчаткалардын көпчүлүгү алып салынат, канттын ийри сызыгы кескин болуп, ден соолугубуз үчүн зыян болот.

Эгер сиз ширеге караганда мөмөнү тандасаңыз, анда сиз ширеде жоголгон клетчатканы табасыз. (целюлоза)

Бирок бул мөмө-жемиштин ширесин ичүү зыян дегенди билдирбейт. Болгону дайыма шире ичкенге караганда жемиш жеген дагы көбүрөөк пайдалуу. Шире ичсеңиз да ага кошумча катары мөмө-жемиш жеп туруңуз, бул кандагы канттын кескин өсүп кетишине тоскоол болот.

Мисал катары төмөнкүлөрдү белгилесек болот:

* Бир ууч жаңгак кошулган жемиш ширеси.

* Мөмө ширеси жана кара нандан жасалган тост.

* Шире жана мөмө-жемиштин башка түрлөрү.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кумшекерди ашыкча колдонбоону сунуштайт. Бир күндө 25 грамм шекер колдонуу жетиштүү.

Кумшекерди колдонууну азайтуу үчүн ар бир азыктын этикеткаларын, айрыкча, продукттагы шекерлердин түрүн тизмектеген углеводдор бөлүмүн окуу маанилүү. Сиз ошондой эле ингредиенттердин тизмесин окушуңуз керек, алар адатта, азыктын белгилүү бир элементинин эң жогорку өлчөмүнөн эң төмөнкү өлчөмүнө чейин тизмеленет.

Мөмө-жемиштердин артыкчылыктары:

*Ток кармайт.

*Аз калориялуу болгондуктан арыктоо процессинде жардам берет.

* Рак, жүрөк-кан тамыр оорулары же кант диабети сыяктуу илдеттердин алдын алуучу клетчаткаларга ээ.

* Ичегинин иштешин жакшыртат.

* Курамында суу, минерал жана шекер көп болгондуктан организмдеги нымдуулукту сактайт.

* Мындан тышкары, анын курамында биологиялык активдүү заттар — антиоксиданттар жана сезгенүүгө каршы каражаттар бар.

Мөмө-жемишти өзүңүз каалаган убакта жей берсеңиз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM