«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызматкери Бакыт Момуналиев ак илбирсти сактоого арналган SNOW LEOPARD RUN эл аралык жарым марафонунда 14 чакырым аралыкта 1-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Иш -чара 26-сентябрда Бишкекте өткөрүлгөн.
Бакыт Момуналиев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын оңдоо-өндүрүштүк иштер жана суу менен камсыздоо башкармалыгында шыбакчы болуп иштейт. Сырдоо, ишкананын имараттарын шыбоо жана башка жумуштар менен алектенет.
Момуналиев 19-сентябрда өткөн марафондо экинчи орунду алган.