Биз менен байланышыңыз

УКМК: Дары-дармектерди кымбат саткан компаниялар аныкталды (сүрөт)

Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 1103 | 0

Элге ашыкча жогорулатылган баада дары-дармектерди сатууну көздөгөн импорттоочу компаниялардын тобу аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында компаниялардын кеңсесинде жана кампасында тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анда кошумча экинчи эсеп бар экендигин тастыктаган каржылык документтер алынды.

УКМКнын маалыматына караганда, бул компаниялар көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын калкалоосу менен, салык төлөмдөрүн төлөгөн эмес. Ал үчүн импорттук дары-дармектердин өз баасын жашырып, элге жогору баада саткан.

Мындан сырткары, иликтөөнүн жүрүшүндө бул компаниялардын саламаттыкты сактоо системасы аркылуу акчалай сый акы үчүн импорттолгон кымбат баалуу дары-дармектердин аналогдорун таратуу аркылуу, мыйзамсыз соода ыкмаларын жана адилетсиз атаандаштыкты колдонууга катышкандыгы боюнча далилдер алынды.

Иш жүзүндө алынган далилдерди эске алуу менен аталган ишканалардын жетекчилеринин бири «А.В.» аттуу жаран  кармалды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү катары белгиленип, Бишкек шаарынын биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынды.

Азыркы учурда тергөө бул компаниялардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана кылмышкерлердин чөйрөсүн аныктап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM