Connect with us

Сариев, Жээнбеков, Зулпукаров, Оторбаев жана Нарымбаевдин баш коргоо чаралары узартылды

Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 436 | 0

«Кумтөр» иши боюнча УКМКнын тергөө абагына камакка алынган мурдагы өкмөт башчылар Темир Сариев менен Жоомарт Оторбаев, депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров жана президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасы узартылды.

Бүгүн, 24-сентябрда Биринчи май райондук соту аларды 30-ноябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Эскерте кетсек, аты аталган адамдардын баары «Кумтөр» иши боюнча шектүү катары кармалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM