Connect with us

COVID-19: Вакцинанын биринчи дозасын дээрлик 800 миң киши алды

Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 296 | 0

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 796 миң 240 киши алды.

Ошол эле учурда 587 миң 998 адам вакцинанын эки дозасы менен тең эмделген.

Акыркы бир күндө Кыргызстанда 11 миң 909 киши вакцина алып, анын 7 миң 3ү биринчи, 4 миң 906сы экинчи доза менен эмдөөдөн өткөн.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 28-мартта башталган. Учурда өлкөдө Sinopharm, «Спутник V» жана AstraZeneca вакциналары менен эмдөө жүргүзүлүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM