Connect with us

Жээнбеков Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 767 | 0

Камактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анын кайрылуусу 24-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Жээнбеков президенттин Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын трибунасында «Кыргызстан демократиялык багытынан тайбайт» деп айткан сөзүнөн кийин кайрылууну чечкен.

«Бул сөзүңүздү жана идеяңызды толугу менен колдойм. Себеби өлкөбүздүн демократиядан башка тандоосу жок экенин мен да жакшы түшүнөм. Демократия гана бизге азыркы оор социалдык-экономикалык абалдан чыгууга, жакырчылык, жумушсуздук, адилетсиздик жана өлкөбүздүн өнүгүү маселелерин чече алат«, — деп айтылат билдирүүдө.

Равшан Жээнбеков Садыр Жапаровдун колунда демократиялык өлкө курууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтып, реалдуу кадамдарды жасоого чакырды.

Равшан Жэнбеков президентке сунуштаган 7 кадам:

-Маалыматты манипуляциялоо жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө боюнча кабыл алынган мыйзамдарды жокко чыгаруу;

-Европа кеңеши жана АКШ менен көп жылдардан бери бүтпөгөн эки тараптуу келишимдерге кол коюу;

-Саясий өңүттө камалган саясатчыларды, жарандык активисттерди эркиндикке чыгаруу;

-Укук коргоо органдарынын активдүү жарандарга, ишкерлерге жана бизнеске басым жасоосуна тыю салуу;

-Соттук-укуктук реформаны баштап, реформаны даярдаган топтордун башына жарандык коомдун лидерлерин, саясий оппоненттерди коюу;

-Мурдагы бийликтерден калган кошоматчыларды, саясатчыларды, депутаттарды айланасынан алыстатуу;

-Улуттун, саясатчылардын башын бириктирип, улуттук-саясий диалогго баруу.

Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда «Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт» деп билдирген.

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында видеокайрылуу жасады

Саясатчы Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Кийин үй камагына чыгарылып, бирок үй камагынын талаптарын бузган деген жүйө менен быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM