Биз менен байланышыңыз

Антониу Гутерриш: Климаттын өзгөрүшүнүн оор кесепеттеринин алдын алуу керек

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 858 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш климаттын өзгөрүшүнүн оор кесепеттерин алдын алып калуу үчүн аз убакыт калганын билдирди. Бул тууралуу ал БУУнун тынчтык жана коопсуздук үчүн жооптуу болгон органы — Коопсуздук кеңешине кайрылып жатып айтты.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү Жердеги тынчтык жана анда жашаган адамдардын коопсуздугу үчүн коркунуч жаратат.

Климаттын өзгөрүшүнүн айынан жаратылыш ресурстарынын, суунун тартыштыгы жаралып, ал нааразычылыктарга жана чыр-чатактарга алып келиши ыктымал.

Учурда адамдарда климаттын өзгөрүшүнүн оор кесепеттерин алдын алып калуу үчүн аз убакыт калды. Климаттын өзгөрүшүнүн улам көбөйгөн жаратылыш кырсыктарынын айынан 30 миллионго жакын киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Гутерриш дүйнө мамлекеттери «күндүн ысышын» 1,5 градус чегинде кармап калуу керектигин эскертти. Ага байланыштуу ар бир мамлекет өзүнө алган милдеттенмелерин аткарышы зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM