Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы Жусупжан Жээнбеков бир мандаттуу шайлоо аймагынан депутаттыкка талапкер болууга ниеттенүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Жусупжан Жээнбеков Сузактагы № 13 округ боюнча талапкер болууга арыз берди.
Жээнбеков 2007-2009-жылдары Жогорку Кенешке IV чакырылыш менен депутат болгон. 2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун орун басары болгон.
2012-2013-жылдары ушул эле дирекциянын башкы директору, 2014-жылдан тарта Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.
Округ боюнча шайлоого катышуу үчүн документтер 2021 -жылдын 13 -октябры саат 18: 00гө чейин кабыл алынат.
24-сентябрга карата парламенттик шайлоого катышуу үчүн бир мандаттуу округдардан талапкер болууга арыз бергендердин тизмеси:
- Абакиров Аскар Жумабекович (Чүй-Кемин №31 округу).
- Алымжанов Айбек Орозбекович (Кочкор №32 округу).
- Алтынбеков Айбек (Базар-Коргон №15 округу).
- Арстанбеков Акылбек Советбекович (Ноокен №16 округу) .
- Атажанов Ырысбек Ысламович (Кадамжай №3 округу).
- Бекмуратов Баймурат Асанович (Лейлек №1 округу).
- Джээнбеков Жусупжан Амражанович (Сузак №13 округу).
- Дурсунов Атамша Латифович (Ысык-Ата №30 округу).
- Ибраимов Санжар Кубанычбекович (Алай №11 округу).
- Исаев Канатбек Кедейканович (Чүй-Кемин №31 округу).
- Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич (Сузак №13 округу).
- Курманов Байыш Жантаевич (Ысык-Ата №30 округу).
- Лилиенталь Юлия Викторовна (Сузак №13 округу).
- Малиев Арсланбек (Жети-Өгүз №34 округу).
- Насиров Абдижамил Жусупович (Кадамжай №3 округу).
- Нурланбеков Актилек (Бишкектин Ленин райондук №26 округу).
- Саккараев Медербек Жаманкулович (Чүй-Кемин №31 округу).
- Сариев Акылбек (Нарын №33 округу).
- Сейтказиев Анаш Токтосунович (Чүй-Кемин №31 округу).
- Сыдыков Бактыбек Усенович (Ноокен №16 округу).
- Танабаев Нурлан Исамидинович (Куршаб №10 округу).
- Талипов Нурали Орозалиевич (Кадамжай №3 округу).
- Тологонов Бакыт Талантович (Жети-Өгүздөгү №34 округу).
- Тукунов Акжолтой Шакирбекович (Ысык-Көл №36 округу).
- Усупов Тилек Сабырович (Бишкектин Октябрь райондук №28 округу).
- Шаимкулов Манас Каныбекович (Жалал-Абад №14 округу).