Марал Радиосу

Жалал-Абаддын мурдагы башчысы депутат болууга арыз берди

Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы Жусупжан Жээнбеков бир мандаттуу шайлоо аймагынан депутаттыкка талапкер болууга ниеттенүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Жусупжан Жээнбеков Сузактагы № 13 округ боюнча талапкер болууга арыз берди.

Жээнбеков 2007-2009-жылдары Жогорку Кенешке IV чакырылыш менен депутат болгон. 2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун орун басары болгон.

2012-2013-жылдары ушул эле дирекциянын башкы директору, 2014-жылдан тарта Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Округ боюнча шайлоого катышуу үчүн документтер 2021 -жылдын 13 -октябры саат 18: 00гө чейин кабыл алынат.

24-сентябрга карата парламенттик шайлоого катышуу үчүн бир мандаттуу округдардан талапкер болууга арыз бергендердин тизмеси:

  • Абакиров Аскар Жумабекович (Чүй-Кемин №31 округу).
  • Алымжанов Айбек Орозбекович (Кочкор №32 округу).
  • Алтынбеков Айбек (Базар-Коргон №15 округу).
  • Арстанбеков Акылбек Советбекович (Ноокен №16 округу) .
  • Атажанов Ырысбек Ысламович (Кадамжай №3 округу).
  • Бекмуратов Баймурат Асанович (Лейлек №1 округу).
  • Джээнбеков Жусупжан Амражанович (Сузак №13 округу).
  • Дурсунов Атамша Латифович (Ысык-Ата №30 округу).
  • Ибраимов Санжар Кубанычбекович (Алай №11 округу).
  • Исаев Канатбек Кедейканович (Чүй-Кемин №31 округу).
  • Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич (Сузак №13 округу).
  • Курманов Байыш Жантаевич (Ысык-Ата №30 округу).
  • Лилиенталь Юлия Викторовна (Сузак №13 округу).
  • Малиев Арсланбек (Жети-Өгүз №34 округу).
  • Насиров Абдижамил Жусупович (Кадамжай №3 округу).
  • Нурланбеков Актилек (Бишкектин Ленин райондук №26 округу).
  • Саккараев Медербек Жаманкулович (Чүй-Кемин №31 округу).
  • Сариев Акылбек (Нарын №33 округу).
  • Сейтказиев Анаш Токтосунович (Чүй-Кемин №31 округу).
  • Сыдыков Бактыбек Усенович (Ноокен №16 округу).
  • Танабаев Нурлан Исамидинович (Куршаб №10 округу).
  • Талипов Нурали Орозалиевич (Кадамжай №3 округу).
  • Тологонов Бакыт Талантович (Жети-Өгүздөгү №34 округу).
  • Тукунов Акжолтой Шакирбекович (Ысык-Көл №36 округу).
  • Усупов Тилек Сабырович (Бишкектин Октябрь райондук №28 округу).
  • Шаимкулов Манас Каныбекович (Жалал-Абад №14 округу).

Exit mobile version