Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия орточо 455 сомго көтөрүлөт

Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 1243 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 1-октябрдан тарта пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо жөнүндө токтомго кол койду.

Токтомго ылайык, былтыркы жылдын эсеби боюнча күнүмдүк тирилигине жетпеген акча алгандардын пенсиясынын базалык бөлүгү 10%га көтөрүлөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр бир пенсионердин бир айлык тирилиги 4 миң 785 сом деп эсептелген. Башкача, айтканда 2020-жылы 4 миң 785 сомдон аз акча алгандардын пенсиясынын базалык бөлүгү түзүлгөн.

Ошондой эле пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1,08 коэффициенти боюнча жогорулатылат.

Индексациялоодон кийин пенсия орточо 455 сомго көбөйтүлөт. Ошону менен өлкөдө орточо пенсия 6 миң 248 сомдү түзөт. Белгилеп кете турган жагдай, пенсиянын көбөйүшү ар бир пенсионердин алган акчасына жараша болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM