Connect with us

Казакбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы менен жолукту

Кыска кабар | 23 Сен 2021 | 466 | 0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу жана АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Эрик Грин менен жолукту.

Жолугушуунун башында Казакбаев Дональд Луну АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы болуп дайындалышы менен куттуктаган.

Жолугушууда Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы, эки тараптуу алака, аймактагы маселелер талкууланган.

Дональд Лу АКШ Кыргызстанга дагы коронавируска каршы вакцина берүүгө, бир катар багыттар, анын ичинде демократиялык институттарды бекемдөө боюнча кызматташууга даяр экенин билдирген. Ошондой эле АКШ Кыргызстандын ооганстандык жаштарга студенттик виза берүү демилгесин колдой турганын белгилеген.

Эскерте кетсек, буга чейин Дональд Лу Кыргызстанда элчи болуп иштеп кеткен. Ал 2018-жылы 18-сентябрда элчи болуп дайындалып, 2021-жылдын май айына чейин иштеген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM