Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 24-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25;
Бишкекте 24-сентбярда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +24…+26 градус болот.