Биз менен байланышыңыз

Маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 465 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда өлкөнүн бир катар маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы маданият ишмерлерин сыйлык алышы менен куттуктап жатып, Эгемендик алган 30 жыл ичинде бир катар тармактарда жетишкендик болсо, айрым тармактарда өксүктөр болгонун, андай өксүктүү тармактын катарында маданият да бар экенине токтолду.

«Табиятында өнөрдү аздектей билген элибиз маданият жаатындагы көп өнөрдү заман агымы менен кошо ала жүрүп, сактап келишти. Ошентсе да жетишсиз каржылоо, эмгек акынын аздыгы, чакталуу шарт-жагдай менен катар искусствону жерде калтырбай, маданиятка аяр мамиле жасап, ата-бабалардан бери келаткан өнөр көчүн улап кетүү ошол кездин чен өлчөмүндө оңой эмес иш болчу. Мына ошондуктан экономикабыз менен социалдык абалыбыздын чакталуу экенине карабай, маданият мамлекеттин, улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү экенин аңдап-түшүнүп, аны алаканга салгандай кылып аяр сактап келе жаткан өнөр ээлерине миң мертебе ыраазычылык билдирем. Мен буга чейин да айткам, дагы да кайталап айтуудан тартынбайм: биз улуттук маданиятыбызды өнүктүрмөйүнчө, элибиздин аң-сезимин да, жашоо деңгээлин да жогору көтөрө албайбыз. Элибиздин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайынча, биз күчтүү, бакубат коомду кура албайбыз. Турмуш чындыгы ушундай», — деди Садыр Жапаров.

Ошол эле учурда азыркы кыргыз мууну улуулардын уркун татыктуу улап, XX кылымдагы маданият залкарлары жеткен бийиктикке жетүүгө, рухий-маданий дөөлөттөрдү кайталап жаратууга умтулушу керектигин, бүгүнкү күндө элибиз кезинде даңкы далайга кетип, «кыргыз керемети» деп атыккан ажайып көркөм фильмдерге, рухий жардылыкты толтура турган көркөм адабиятка, муундар тажабай уккан музыкаларга, көркөм сүрөт искусствосуна муктаж болуп турганын баса белгиледи.

Өлкө башчы бул боштукту маданият ишмерлерин колдоого алуу менен толтурууга илгери үмүт, изги максат, иштиктүү пландар бар экенин, кийинки кадам бардык өнөр ээлерине терең изденүү менен татыктуу чыгарма жаратуусуна шарт түзүп берүү болорун айтып өттү.

«Эми биз, мамлекет башындагылар, күчтүү, бакубат кыргыз коомун курабыз десек, элдин аң-сезимин адабият менен маданияттын таасиринде калыптандырып, руханий дүйнөбүздү байытышыбыз кажет. Ал үчүн менин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» деген алгачкы Жарлыгым да дал ушул максатка багытталган», — деди Президент.

Садыр Жапаров сөзүнүн соңунда маданият ишмерлеринен элибиздин жан дүйнөсүн байыткан жаңы-жаңы чыгармаларды жаратуусун өтүнүп, бардыгына бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM