Кыргызстанда 29 жылда 228,3 млрд сом бюджеттик насыя берилген. Бул тууралуу Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Амангелдиев парламенттин 22-сентябрындагы жыйынында айтты.
Бюджеттик насыя тууралуу депутат Аалы Карашев суроо узаткан.
Амангелдиевдин маалыматына караганда, бюджеттик насыя көбүнчө энергетика сектору, жеңил өнөр жайы, тамак-аш өндүрүү, саламаттыкты сактоо, машина куруу, байланыш жана башка тармактарга берилген.
Насыянын 71,4 млрд сому кайтарылган, кайтаруу графиги 94 пайызды түзүүдө. 2000-жылдан бери бул насыянын 4,6 млрд сому берилген. Насыянын эң узак мөөнөтү 45 жылды түзөт.
Парламенттин 22-сентябрындагы жыйынында бюджеттик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Аны депутаттар Марлен Маматалиев, Тариел Жоробеков демилгелеген. Документ аркылуу бюджеттик насыяларды берүү жана кайтаруу жол-жобосу өзгөртүлөт.