Биз менен байланышыңыз

«Талибан» кыймылы БУУнун жыйынына катышууну суранды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 1070 | 0

Ооганстанда бийликти басып алган «Талибан» кыймылы Нью-Йоркто өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясына катышып, сөз сүйлөөнү суранды.

БУУнун башкы катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик билдиргендей, Антониу Гутерришке талибдердин каты 20-сентябрда жолдонгон.

Кат талибдердин өкмөтүндө тышкы иштер министринин кызматын ээлеген Амир Хан Моттакинин атынан келген. Башкы Ассамблеянын жыйынына катышуудан тышкары катта «Талибан» кыймылынын БУУдагы жаңы өкүлүн дайындоо сунушу айтылган.

Эскерте кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясы 21-сентябрда расмий түрдө ачылды. Анда 21-сентябрдан 27-сентябрга чейин БУУга мүчө мамлекеттердин башчылары сөз сүйлөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM