Биз менен байланышыңыз

Германиянын кийинки канцлери Армин Лашет болору айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 858 | 0

Ушул жылдын 26-сентябрында Германияда парламенттик шайлоо өтөт. Төрт жолку шайлоодо партиясы жеңишке жетип, төрт жолу катары менен канцлер кызматын ээлеп келген Ангела Меркель бул жолу шайлоого катышуудан баш тартты. Ал мындай чечимин өткөн жылы кабыл алып, өзү жетектеген «Христиан демократиялык союзу» партиясын Аннегрет Крамп-Карренбауэрге өткөрүп берген эле.

Ушул жылдын 16-январында Крамп-Карренбауер партияны жетектөөдөн баш тартып, анын ордуна шайлоо жолу менен ага чейин орун басар кызматын аркалап келген 60 жаштагы Армин Лашет жетекчи болгон.

«Христиан демократиялык союзу» парламенттик шайлоого адаттагысындай эле «Христиан социалдык союзу» менен блог түзүп, бирге баратат. Учурда Армин Лашет жана ал жетектеген блог алдын ала сурамжылоолордун рейтингинде биринчи орунду бербей келет. Мындан улам «кийинки канцлер Армин Лашет болуп калышы мүмкүн» божомолдор көбүрөөк айтылууда.

Армин Лашет 1961-жылы туулган. Түпкү кесиби — журналист. «Христиан демократиялык союзу» партиясына 18 жашынан бери мүчө. Саясий карьерасы 1988-жылдан тарта башталган. Учурда Түштүк Рейн-Вестфалия аймагынын премьер-министри.

Германия Бундестагына депутаттарды шайлоо аралаш системада өтөт. 4 жылдык мөөнөткө шайланган 709 депутат канцлерди шайлап, ал жетектеген өкмөттүн курамын бекитет. Адатта канцлерди Бундестагга эң көп мандат алган, көпчүлүк коалицияны куроо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон партия көрсөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM