Биз менен байланышыңыз

Депутат 17 фура алтын концентратын өлкөдөн чыгарылып кеткенин айтты

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 1102 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркештам» өткөрмө пунктунда турган 17 фура алтын концентратын «Достук» өткөрмө пункту аркылуу чыгарып кеткенин билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымына караганда, алтын концентратын чыгарып бара жаткан компаниянын документи жасалма. Ал эми лицензиясы атайын өчүрүлүп оңдолгон. Кечээ, 21-сентябрда компания лицензиясын жаңылап, «Достук» өткөрмө пункту менен чыгарып кеткен.

«Министрлердин, Бажы кызматынын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Кечээ эле бул иш мыйзамсыз болуп жатканы каралган болчу. Азыркы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков: «Мен билбей калыптырмын, балдар чыгарып жибериптир», — деп айтат. Мындай боло берсе, мамлекеттин оңолушу кыйын болот» , — деди Бердиев.

Эске салсак, бул фактыны Финансы полициясы Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине каттап, тергөө иштерин баштаган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM