Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө «УКМК кызматкеримин» деп, акча талап кылган адам кармалды

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 295 | 0

Ысык-Көлдө өзүн «Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында иштейм» деп тааныштырып, акча талап кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

20-сентябрда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлама түшкөн. Анда айтылгандай, бейтааныш жигит Чолпон-Атадагы дарыканаларга УКМК кызматкери катары кирип, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, ар кандай шылтоолор менен 5 миң сомдон талап кылып жүргөн.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 359-беренеси менен катталып, иликтөө иштери башталган.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында айтылган кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 34 жаштагы тургуну кармалып, Ысык-Көл РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Айтылган адамдан жабыр тарткандар болсо, «102» кызматына же (03943) 4-39-80, (0709) 33-15-15 номерлерине чалып коюуну Ысык-Көл РИИБи өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM