Биз менен байланышыңыз

«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолун Кытай компаниясы салат

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 786 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Кытайдын «№3 темир жол инженердик корпорациясы» ЖЧКсы менен кызматташтык келишимин түздү.

Аталган документ «Кыргыз темир жолу» ишканасынын стратегиялык өнүгүү планына ылайык, «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолун куруу, «Луговая-Балыкчы» темир жолун жарыктандыруу максатын көздөйт.

Жакынкы аралыкта Кытай компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, айтылган долбоорлор боюнча кеңири талкууларды өткөрөт.

Ошондой эле «Кыргыз темир жолу» ишканасы үчүнчү жактарга көз карандылыктан чыгуу максатында ички эсептен жана инвесторлордун колдоосу менен темир-бетон шпал чыгарган завод курууну пландап жатат.

Андан тышкары темир жолдогу транспорт коопсуздугун камсыздоо максатында 20 км рельс алуу үчүн тендер жарыялануу алдында турат.

Ошондой эле темир жолго 100 вагон сатылып алынат. Мунун 50 вагону ушул жылдын аягына чейин, 50 вагону кийинки жылдын II кварталында келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM