Биз менен байланышыңыз

Манасчы Салимбай Турсунбаев дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 732 | 0

Манасчы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын сыйлануучусу Салимбай Турсунбаев 62 жашында дүйнөдөн өттү. Бул кабарды шакирттери угузду.

Салимбай Турсунбаев 1959-жылы Токтогул районунун Кайырма айылында туулган. Кесиби энергетик.

Атасы Орозбай «Манасты» жорго сөз менен айткан төкмө акын болгондуктан, Салимбайдын манасчылыкка шыгы эрте эле ойгонгон. 7-класска келгенде аян алып, «Манас» айтып баштаган.

Салимбай Турсунбаев манасчылардын көптөгөн кароо-сынактарында байгелүү орундарды ээлеп келген. 2005-жылы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, 2014-жылы Өкмөттүн,  2016-жылы Президенттин Ардак грамотасын алган.

Ал «Манас» эпосунунун «Чоң казат» бөлүгүн өзүнүн варианты менен айтып жүргөн. Андан тышкары анын айтуусунда «Манас» эпосунан үзүндүлөр көптөгөн телекөрсөтүүлөргө, радиоуктурууларга, интернет баракчаларына жазылып алынган.

Салимбай Турсунбаев өмүрүнүн соңку жылдарына чейин Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашап, Токтогул ГЭСинин каскадында энергетик катары эмгектенип келген. Кесибинен тышкары Кара-Көл шаардык маданият үйүндө башкы усулчу, Балдардын атайын билим берүү борборунда «Манас» сабагынан мугалим болуп иштеп турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM