Биз менен байланышыңыз

Нарын облусу: 14 үйдү тоноого шектелип, эки жигит кармалды

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 529 | 0

Нарын облусунун аймагынан уурулукка шектелип, эки жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 6-июнунда 1960-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда айтылгандай, 4-июндан 6-июнга чейинки аралыкта үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, белгисиз бирөөлөр уурулукка кирип, алтын, күмүш жасалгаларды жана башка баалуу буюмдарын тоноп кетишкен. Үй ээси болжол менен 70 миң сом чыгымга учураган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып, кылмышкерди издөө иштери башталган.

Нарын ШИИБи жүргүзгөн ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары Кочкор районунун 1998-жылы туулган тургуну С.М. жана Ак-Талаа районунун 1990-жылы туулган тургуну М.Н. кармалып, күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышкан. Алардын мындан сырткары Нарын шаарындагы 10 үйгө, Кочкор айылындагы 3 үйгө уурулукка киргени да аныкталган.

Маалым болгондой, шектүүлөрдүн бири Ак-Талаа районунун 1990-жылы туулган тургуну М.Н. мурда да сот жообуна тартылган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Учурда тергөө, суракка алуу иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM