Биз менен байланышыңыз

АКШ Орусиядагы шайлоону «адилетсиз өттү» деп эсептейт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 496 | 0

АКШ мамлекеттик департаменти Орусияда 17-19-сентябрда өткөн парламенттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо боюнча корутундусун жарыялады. 

Анда айтылгандай, АКШ шайлоону «акыйкат, эркин өткөн жок» деп эсептейт.

«Орусия өкмөтүнүн «экстремисттик уюм», «чет элдик агент», «керексиз уюмдар» сыяктуу мыйзамдары саясий плюрализмди чектеп, Орусия жарандарынын эркин шайлоосуна тоскоолдук жаратты. Ага катар үгүт учурунда оппозициялык партияларды каралоолор байкалды. Шайлоо күнү Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочуларынын иш алып баруусуна мүмкүндүк берилбеди. Мунун баары «Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө» эл аралык келишимдерге, Орусиянын ЕККУ сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын алдында алган милдеттенмелерине карама-каршы келет. Биз Орусияны эл аралык милдеттенмелерин аткарып, адам укугун урматтоого, жарандык коом менен оппозициялык партияларды кысымга албоого чакырабыз», — деп айтылат департаменттин билдирүүсүндө.

Булардан тышкары Орусия каратып алган Крым аймагында, өзүн республика катары жарыялаган Донецк, Луганск аймактарында өткөн Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоону АКШ тааныбай турганы да жазылган.

Ушул сыяктуу эле корутундуну Улуу Британия Бириккен Королдугу да жарыялап, Украинанын суверендүү аймагы Крымда Орусиянын шайлоосунун өткөнү мыйзамсыз болгонун айтышты.

Белгилей кетсек, Орусияда шайлоо 17-19-сентябрда өткөн. Орусия Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган жыйынтыгына ылайык, бийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясы — 49,65%, Коммунисттер партиясы — 19,57%, Либерал-демократтар партиясы — 7,51%, «Акыйкатчыл Орусия — Патриоттор — Чындык үчүн» блогу — 7,38%, «Жаңы калк» партиясы — 5,33% добуш менен Мамлекеттик Думага өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM