Биз менен байланышыңыз

Бишкекте үч күн дүйнөлүк эпостор фестивалы өтөт

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 451 | 0

23-24-25-сентябрда Бишкек шаарында «Дүйнө элдеринин эпостору» фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Фестиваль Эгемендиктин 30 жылдыгына, улуу акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат. Ага дүйнөнүн 20дан ашуун мамлекетинен атактуу окумуштуу-илимпоздор, эпос айтуучулар, өнөр адамдары келет.

Иш-чаранын алкагында окумуштуулардын илимий-тажрыйбалык симпозиуму, уй мүйүз талкуулары уюштурулуп, «Мыкты кыргыз боз үйү», «Саркеч көчмөн», ошондой эле алгачкы жолу семетейчилер сынагы өтөт. Андан тышкары бир катар театралдаштырылган оюн-зоок, концерттер программага камтылган.

Быйыл алтынчы ирет өтүп жаткан «Дүйнө элдеринин эпостору» фестивалын Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясы, «Арт араба» коомдук фонду биргелешип уюштурууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM