Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 242 | 0

Президент Садыр Жапаров Пермь мамлекеттик университетиндеги кандуу окуяга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге жана Орусия элине көңүл айтты.

«Мамлекеттик Пермь улуттук изилдөө университетиндеги  куралдуу кол салуунун натыйжасында  адам курмандыктары орун алган окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, бул трагедияда жабыркагандардын бардыгына  тез арада сакайышын каалайм», — деп айтылат өлкө башчынын теллеграммасында.

Эске салсак, кечээ, 20-сентябрда жаш жигит Пермь университетине келип, кишилерге ок чыгарган. Анын айынан 8 адам каза болуп, дагы бир нече киши жабыркаган. Жабыркагандардан арасында терезеден секирип качам деп, жаракат алгандар да болгон.

Азыркы тапта кишилерге кол салган жаш жигит 18 жаштагы Тимур Бекмансуров экени такталган. Ал кармоо учурунда жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM