Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Эртең Алыкулов көчөсүнүн темир жол тарабы жабык болот

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 378 | 0

Эртең, 22-сентябрда Бишкек шаарындагы Барпы Алыкулов (Киркомстрой) көчөсүнүн темир жол бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Маалым болгондой, саат 8:00дөн 17:00гө чейин көчөнүн үстүнөн өткөн темир жолдун  алгач бир тарабында, андан соң экинчи тарабында оңдоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу жолду кезек-кезеги менен жаап турууга туура келет.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы бул боюнча Бишкек милициясынын патрулдук кызмат башкармалыгы менен макулдашылганын маалымдады.

Ошол эле учурда жолдо чоң тыгын жаратпоо, жумушчуларга тоскоолдук жаратпоо үчүн Садыгалиев көчөсү менен айланып өтүп турууну сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM