Биз менен байланышыңыз

«Тажикстандык студенттердин маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 343 | 0

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Тажикстан жарандарынын маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтин айтымында, Кыргызстанда окуп жаткан же мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстандын жарандарынын, анын ичинде этникалык кыргыздардын биздин өлкөдө жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү боюнча атайын буйрук чыккан. Учурда бул буйруктун негизинде атайын органдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Министрлер кабинетинин тиешелүү буйругунун долбоору иштелип чыккан. Буйруктун долбоору Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга тапшырган же окутуучу/мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстандын жарандарына, анын ичинде этникалык кыргыздарга, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, быйыл апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш болгон. Анда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 180ден ашык киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Май айынын аяктарында Кыргызстан Тажикстан менен чек араны жапкан. Мындан улам Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган тажикстандык студенттердин, анын ичинде этникалык кыргыздардын чек арадан өтүүсүнө, билимин улантуусуна тоскоолдуктар болуп жатканын айтышып, Президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошкон. Бул боюнча атайын маалымат жыйын да өткөрүшкөн.

Маалым болгондой, 2020-2021-окуу жылында Тажикстандан келген 2 миңдей жаран Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан билим алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM