Биз менен байланышыңыз

Баткенде кыргыз-өзбек акындарынын «Достук» фестивалы өтөт

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 604 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунда кыргыз-өзбек акындарынын «Достук» фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук жазуучулар союзу билдирди.

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргызстан тарап Өзбекстандан келген акындарды «Достук» чек ара бекетинен салтанаттуу тосуп алышты. Меймандардын алгачкы күнү Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин иши менен таанышуудан башталды.

Эки элдин алакасын чыңдоо, өлкөлөр аралык байланышты бекемдөө максатын көздөгөн бул фестивалдын ачылышы эртең саат 10:00дө Кадамжай райондук маданият үйүндө болот.

Үч күнгө белгиленген эл аралык фестиваль буга чейинки иш-чаралардан айырмаланып, эркин форматта, конкурстук системадан тышкары өтөт. Фестивалдын программасына поэзия кечесинен тышкары оюн-зоок, таанытым, талкуу, саякат сыяктуу бир катар иш-чаралар камтылган.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль Президент Садыр Жапаров кол койгон «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына жана Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары 11-мартта Ташкент шаарында кабыл алган биргелешкен билдирүүсүнө ылайык, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган. Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кадамжай райондук мамлекеттик администациясынын колдоосу астында өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM