Биз менен байланышыңыз

Үй тоноого шектелип, 18-19 жаштагы 2 жигит кармалды

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 248 | 0

Бишкек шаарындагы үйлөрдүн бирин тоноп кетүүгө шектелген жигиттер колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 11-сентябрында саат 21:30 чамаларында «102» кызматына Бишкек шаарынын Каракуль көчөсүндөгү үйдүн терезесин сындырып, буюм-тайымдарын уурдап кеткени боюнча кабарлама түшкөн.

Чакырык боюнча барган Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу үйдүн ээси С.А. аттуу аялга арыз жаздырып алышкан. Арызда айтылгандай, ошол күнү саат 18:00-20:45 чамаларында белгисиз бирөөлөр жогоруда айтылган жол менен 300 миң сомдук алтын жасалгаларын, «Самсунг» телефонун жана ири суммадагы акчасын уурдап кеткен. Учурда үй ээси тарткан чыгымдын так суммасы эсептелип жатат.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматтык маалымат системасына Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталган.

Бишкек шаарынын жана Биринчи май районунун криминалдык милиция бөлүмдөрү жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган А.Н. жана 2003-жылы туулган К.А. аттуу жигиттер кармалып, Бишкек шаардык ИИББнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Ушу тапта кармалган жарандардын башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу иликтенип, тергелип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM