Биз менен байланышыңыз

Салык төлөбөгөн айдоочуларды издөө башталды

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 885 | 1

Салык кызматы Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы менен биргеликте унаа салыгын төкпөгөн айдоочуларды издөө рейддерин баштады.

Эскерте кетсек, быйылкы жылдагы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Мыйзам боюнча салыкты убагында төкпөгөн унаа ээлери 1000 (миң) сом административдик айып, андан тышкары салыкты ар бир кечиктирген күнүнө тууму (пения) менен кошо төлөйт. Андыктан айдоочуларды туумду көбөйтпөй, эрте төлөп кетүүгө чакырат Мамлекеттик салык кызматы.

Белгилей кетсек, рейддер салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн да өткөрүлүүдө.

1 пикир

1 пикир

  1. Таалайбек

    20.09.2021 16:56

    Штраф мейли болсун, бирок пеня туум деген болбош керек,туура эмес, элдин канын соруп бутмой болдунар го желмогуздар!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM